Жаңылыктар
Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жараткан кыргыз-орус бизнес форуму
Экономика
Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жараткан кыргыз-орус бизнес форуму

Ишин илгерилеткиси келген ишкерлерге дагы бир мүмкүнчүлүк. Бишкекте Орусиянын Свердлов облусунан келген ишкерлердин катышуусунда бизнес форум өтүп жатат. Ишкерлер кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында келишкен. Башкы максат түзүлгөн кызматташтыкты бекемдеп, жаңы байланышты түзүү. Иш чарага элүүдөн ашык ата мекендик ишканалардын өкүлдөрү да катышууда. 

Орусиянын ири өнөр-жай борбору Уралдан баш-аягы жыйырмадан ашык ишкананын өкүлдөрү келген. Булар машина куруу, металлургия, тоо-кен, курулуш, энергетика жана медициналык кызмат көрсөтүү менен илим-билим жана телекоммуникация тармактары. Башкы максат кыргыз ишкерлери менен көзмө-көз жолугуп, түз байланыш түзүү. Себеби эки тараптын тең бири-бирине сунуштары бар.
Кыргызстан менен Свердлов облусунун союз маалынан бери соода алакасы бар. Азыр да Кыргызстан курулуш, машина куруу, саламаттык сактоо тармагында кызматташат. Ошентсе да бул бизнес аянтчада жаңы байланыштар макулдашылды. Эми эки тараптын ишкерлери өнөктөшүп, натыйжалуу кызматташат деген үмүт бар.