Жаңылыктар
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын жалпы элин ыйык Рамазан айынын аякташы жана Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын наамына жолдонгон телеграммада Орозо айт майрамы тынчтыктын, бейпилдиктин жана жакшылыктын белгиси экени жана улуу руханий мазмунду камтып тургандыгы айтылат.

Ошондой эле, куттуктоодо боордош кыргыз элине тынчтык, жакшылык, бакубатчылык жана алдыга коюлган баардык пландардын ишке ашуусу тууралуу каалоолор камтылган.