Жаңылыктар
Саясий ишмер Исхак Раззаков быйыл 106 жашка чыкмак
Кыргызстан жаңылыктары
Саясий ишмер Исхак Раззаков быйыл 106 жашка чыкмак

Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун көзү тирүү болгондо быйыл 106 жашка толмок. 25-октябрь туулган күнүнө байланыштуу аны мекендештери эскерип, бир катар иш-чараларды өткөрүштү. 

Бүгүн Исхак Раззаковдун 106-жылдыгына карата “Исхак Раззаков” атындагы республикалык коомдук фонддун демилгеси менен чакан эскерүү уюштурулду. Алгач Раззаковдун жакындары, жердештери, мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу менен Ала -Арча көрүстөнүндө анын өлкөнүн өнүгүшү үчүн өтөгөн эмгеги эскерилип, куран окутулду. Андан кийин башка жерде чакан спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Белгилей кетсек коомдук ишмердин баскан жолун даңазалоо максатында 2015-жылы Исхак Раззаков тууралуу тартылган кино тасма жарыкка чыккан. Быйыл Тарых жана маданият жылына карата баардык телеканалдардан берилип, интернет булактарына тараган.
 Эске сала кетсек 2000-жылдын 2-июнунда Раззаковдун сөөгүн Москвадагы Кунцево көрүстөнүнөн мекенине алып келүү демилгесин жердештери көтөрүп, натыйжада Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө каада менен коюлган.