Жаңылыктар
Салык системасындагы туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Салык системасындагы туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду

Салык системасындагы туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Жарандардан мүлк салыгы боюнча салыктык карызы жок экендиги жөнүндө маалым каттарды берүү учурунда опузалап жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алуунун коррупциялык механизмин уюштурган Москва районундагы салыкчыларга кылмыш иши козголду. Башкармалыктын 2 кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен текшерүү жүргүзүү жана мүлк салыгы боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалым кат берүү боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн жергиликтүү тургундан 100 миң сом өлчөмүндө акчаны мыйзамсыз талап кылган. Алар опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн пара катары алып жаткан жеринен кармалган жана Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмыш ишинин алкагында бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарды аныктоого боюнча аракеттер жүрүүдө.