Жаңылыктар
Эрбол Султанбаев УКМК кармаган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди
Кыргызстан жаңылыктары
Эрбол Султанбаев УКМК кармаган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди

УКМК 17-апрелде “Ак-Жол” чек ара пунктунан Чүйдөгү ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан унаадан тиешелүү документтери жок, салмагы 84 килограммга жакын алтынды алып бара жаткан айдоочуну кармаганы тууралуу маалымат тараткан. Ал 300 миллион сомдук баалуу металл экени айтылган. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мына ошол алтын боюнча түшүндүрмө берди.