Жаңылыктар
Жер мунапысы боюнча окутуулар өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Жер мунапысы боюнча окутуулар өтүп жатат

Жалал-Абад облусунда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу тарабынан жер мунапысы боюнча окутуулар өтүп жатат. 

Ага айыл өкмөт башчылары, адистер жана жер мунапысы боюнча түзүлгөн райондук комиссиянын мүчөлөрү катышууда. Окутууда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобого киргизилген өзгөрүүлөр тууралуу адистер кеңири түшүндүрүп берди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү көптөгөн суроолорго аныктама беришти. Жер мунапысы боюнча окутуу Жалал-Абад облусунун бардык район, шаарында өтөт.