Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрөт. Кырсыктын алдын алуу максатындагы иштер 24үнөн 28-апрелге чейин жасалат. Буга байланыштуу төрт күн эртең мененки тогуздан 15-00го чейин унаалар капчыгайдагы жолдун бир тилкеси менен гана өтөт. Эгер топтолгон машиналар 30-40тан ашса, таш кулатуу иштери убактылуу токтотулуп, алардын өтүүсүнө уруксат берилет.