Жаңылыктар
Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалы
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалы

Ош шаарында дүйнөлүк эпостордун жетинчи эл аралык фестивалы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, иш-чара залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95, казак элинин улуу жазуучусу Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата өткөрүлөт. 

Максаты: кыргыз элинин эпикалык мурастарын, каада-салтын, өнөрүн сактоо жана өнүктүрүү. Фестиваль 17синен 21-майга чейин өтөт. Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Армения, Иран, Пакистан, Франция, Швеция, Испания, Япония, Монголия, Америка, Беларусь, Эстония, Латвия, Индия, Абхазия, Башкыртстан, Алтай, Тыва, Саха-Якутия, Хакасия, Сибирь, Калмыкия жана Чечен республикаларынын өкүлдөрү катышат. 

Эскерте кетсек, дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалы 2006-жылдан бери уюштурулуп келе жатат.