Жаңылыктар
Ошко өзбек делегациясы келет
Аймак
Ошко өзбек делегациясы келет

Бүгүн Кыргызстанга Өзбекстандын делегациясы келет. Алар үчүн Ош шаарынын борбордук аянтында концерт коюлат. Мындан тышкары Бабур атындагы театрда “Манастын уулу Семетей” спектаклин көрүшөт. 

Ошондой эле Сулайман тоодогу тарыхый комплекс менен таанышат. Маалыматтарга караганда, коңшу өлкөдөн келген делегация Кыргызстан элдер ассамблеясынын өкүлдөрү менен да жолугаары мерчемделди. Муну менен катар достук алаканы өнүктүрүү үчүн тиешелүү документтерге кол коюлаары күтүлүүдө. 

Эскерте кетсек, кыргыз делегациясы 1-октябрда Өзбекстандын чакыруусу менен Анжиянга барып келген.