Жаңылыктар
Түркия: Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 50 миң 783кө жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Түркия: Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 50 миң 783кө жетти

Түркиядагы февраль айындагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 50 миң 783кө жетти. 

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, урандылардын астында калгандардын арасында чет элдик жарандар дагы болушу мүмкүн. Учурда табылгандардын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө. Ушул күнгө чейин жеринде урандыларды чыгаруу иштери жүрүп жатат. Эскерте кетсек, быйыл 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан жер титирөө эки ирет болгон. Урап түшкөн үйлөрдүн астынан адамдарды алып чыгууга кыргызстандык куткаруучулар дагы барып жардам берген. Муну менен катар жер титирөөнүн кесепетинен үй-жайсыз калгандардын убактылуу баш калкалоосу үчүн Кыргызстан жүз боз үй алып барып, тигип берген. 

Ошондой эле боордошторго жардам берүү үчүн депозиттик эсеп ачылган.