Жаңылыктар
Судан аба мейкиндигин жапты
Кыргызстан жаңылыктары
Судан аба мейкиндигин жапты

Суданда 30-апрелге чейин аба мейкиндиги жабылды. Хартумдагы эл аралык аэропорттун маалыматы боюнча, бул чектөө учактын бардык түрүнө тийиштүү. Талапка баш ийбегенерге чара көрүлөрү эскертилди. Белгилей кетсек, 15-апрелден бери Суданда армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөр куралдуу кагылышууда. Кырдаал курчуп кеткен айтылууда. 

Мындан улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын ал жакка барбай турууну эскерткен.