Жаңылыктар
Кыргызстанда 13 бала бюджеттин эсебинен технологиялык кол протездери менен камсыз болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 13 бала бюджеттин эсебинен технологиялык кол протездери менен камсыз болду

Кыргызстанда 13 бала бюджеттин эсебинен технологиялык кол протездери менен камсыз болду. Буга мамлекеттик бюджеттен 1 млн 789 миң 988 сом бөлүнгөн.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. 

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекованын айтымында, балдар функционалдык протездерди кичинекей кезинен тарта колдоно башташы керек. Ал күнүмдүк жашоодо туруктуу тонусту кармап турууга мүмкүндүк берет. Технологиялык кол протездери «Киби» деп аталат. Бул жөнөкөй иштөө принциби бар протез, ал электроникасыз иштейт. 

"Kиби" - булчуңдардын тартылуусунун эсебинен иштейт. Колдонуучунун күчү гана керек. Ага кошумча тиркемелерди да орнотсо болот. Мисалы: смартфон кармагычтарды, кол чырактын модулун жана башкалар.