Жаңылыктар
Быйыл Германия кыргызстандык 50 студентти окууга кабыл алат
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл Германия кыргызстандык 50 студентти окууга кабыл алат

Быйыл Германия кыргызстандык 50 студентти окууга кабыл алат. Бул туурасында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрек Текебаев Бавария Федералдык аймагынын Кам районунун административдик башчысы Франц Лёффлер жана Швандорфдогу Иш менен камсыз кылуу агенттигинин башчысы Зигфрид Боймлер менен жолугушкандай айтылды.

Боймлердин айтуусунда, Кыргызстандан 2023-жылдын сентябрь айында үч жылдык орто техникалык билим алуу жана андан ары ишке орношуу үчүн биринчи студенттерди кабыл алат. 

Бул кызматташуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Эмгекке орноштуруу Федералдык агенттигинин ортосунда 2022-жылдын 21-сентябрында кол коюлган меморандумдун негизинде ишке ашып жатат. Меморандумга ылайык, быйыл Кыргызстандан 50 студент Германиянын Саксония федералдык округуна үч жылдык окууга кабыл алынат. Ал эми Кам районунун административдик башчысынын айтуусунда,

Германияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиз, ушундан улам Кыргызстан менен кызматташууга даяр. Бавария Федералдык аймагы Германиянын маанилүү жана экономикалык жактан өнүккөн Федералдык аймактарынын бири. Баварияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинин деңгээли өлкөнүн 16 Федералдык аймагынын ичинен эң жогорку кɵрсɵткʏчкɵ ээ жана 45,9%ды түзөт.