Жаңылыктар
Сардана Трофимова Сербияда өткөн турнирде 2-орун ээледи
Спорт
Сардана Трофимова Сербияда өткөн турнирде 2-орун ээледи

Кыргызстандык спортчу Сардана Трофимова Сербияда өткөн эл аралык марафондо 2-орунду ээледи.

23-апрелде Белградда 36-Beogradski maraton болуп өттү.

Кыргызстандын жарандыгын алган Трофимова 42,2 чакырымды 2 саат 32 мүнөт 35 секундда чуркап өткөн. Кыргызстандык жөө күлүк 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болду.