Жаңылыктар
Эң көп китепкана Чүй облусунда жайгашкан
Кыргызстан жаңылыктары
Эң көп китепкана Чүй облусунда жайгашкан

2022-жылы Кыргызстандын аймагында ар түрдүү типтеги жана түрдүү багыттагы миңден ашык китепкана эсепке алынган. Алардын эң көбү же 210 китепкана Чүй облусунда жайгашкан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата даярдаган маалыматында айтылат.

Республикада кыргыз тилиндеги алгачкы басма органы 1920-жылдардын орто ченинде түзүлгөн, ал эми китептерди жана китеп продукцияларын басып чыгаруу андан тышкаркы чектерде жүзөгө ашырылган. 

1926-жылы гана Кыргыз мамлекеттик басма иштери башкармалыгынын чогулушунун чечими менен «Кыргызмамбас» басмасы негизделген. 

Ал эми 1966-жылы ишке киргизилген Кыргыз полиграфиялык комбинаты республиканын китеп басып чыгаруу ишин өнүктүрүүдө жаңы этапты ачкан. 2022-жылы Кыргыз Республикасында 1 367 нуска китеп жана брошюра басылып чыгарылган, алардын жарымынан көбү кыргыз тилинде чыккан. 

Китептердин жана брошюралардын жылдык тиражы 1,6 млн. нускадан ашкан. Республикада 1000 адамга 250 басылып чыгарылган китеп туура келет. 

Жалпыга жеткиликтүү китепканалардан сырткары мектеп китепканалары, жогорку жана орто окуу жайлардын китепканалары, медициналык, техникалык, айыл чарба китепканалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясына таандык китепканалар иш жүргүзүшөт. 

Республиканын китепкана фонду 2022-жылы 19 миллиондон ашык нускадагы китептерди жана брошюраларды түзгөн.