Жаңылыктар
Тоолуу райондордо кар көчкү түшөт
Кыргызстан жаңылыктары
Тоолуу райондордо кар көчкү түшөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, 24-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чон-Ашуу ашуусу, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусу кооптуу тилкелер. 

Кар көчкү кооптуулугуна байланыштуу унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. 

Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.