“Капсалаң доор” билинбегени менен азыр да кыргыз элинин башына түшүп турат. Аны дүйнөдөгү, өлкөнүн ичиндеги саясый, экономикалык, табигый ж.б. окуялардан тартып адамдардын аң-сезимине чейинки коогалуу абал күбөлөп турат.
Гүлмира Кулумбаеванын жазуучу, журналист, котормочу, ТҮРКСОЙ менен Евразия жазуучулар бирлигинин Махмуд Кашгари, Абай, М.Ауэзов, АКШ жана Германиянын “Посол мира” көптөгөн эл аралык адабий сыйлыктарынын ээси Айдарбек Сарманбетов менен Карга аке тууралуу маеги...
- Жакында журналист Мундузбек Тентимишев менен Кыдыр аке тууралуу маек курдум эле, окугандырсыз. Сиздин да “Кызыр даарыган Кыдыр аке” аттуу чыгармаңыз бар. Ысык-Көлдүн акелери тууралуу далай изилдөөлөр, санжыралар жазылууда. Сиздин да “Капсалаң доор. Карга аке” аттуу романыңыз жарык көргөн эле. Мурда 6 акенин ысымы аталып келсе кийинчерээк Карга акенин ысымы аталды. Эмне себептен?
-Ооба, окудум. Азыркы учурдагы коомчулукка эң зарыл кепти козгогон экенсиңер. Анткени, эл кийинки кездери рухий жакырланып кетти. Быйылкы жыл өлкө Президенти тарабынан наркты көтөрүү жылы деп жарыяланып, Мамлекеттик катчы баш болуп ошол багытта кызуу кеп козголуп жатпайбы. Улуттун, адамдын наркы болмоюн, анын баркы, баасы да болбойт эмеспи. Нарк – баарында, адамзатынын да, тирүү да, жансыз заттарда да да болгон терең түшүнүк. Айрыкча кыргыз элинде чоң мааниге, терең түшүнүккө ээ деп ойлойм. Соңку мезгилдери ага эч маани берилбей, калкыбыз акча табуунун, эптеп курсак тойгузуунун абалына түшүп, майдаланып кетти. Анын залалы – мамлекеттин да наркы, баркы кетип турган учур...
Акылман, парасаттуу, жалпы элдик алкакта ой жүгүртүп, өмүрүн элинин кызыкчылыгына, келечегине арнаган адамдарды “аке” атап, көлдө чоң маани берип, урматтап келишкен. Биздин айылда деле “акелер” бар деп күлкү келээрлик майда түшүнгөндөр да болуп жаңылып, жатышпайбы! Айылдын кызыкчылыгы менен жалпы улуттук, элдик деңгээлдеги кызыкчылыктарды салыштырып болбойт эмеспи.
Көлдө башында 6 аке айтылып, жетинчиси Карга акенин кийин кошулганы толуктоо гана. Ал аке жашап өткөн 300 жыл аралыктан бери не деген адамдар өтүп, тарыхий окуялар болуп өтпөдү! Өз ата-бабаларыбыздын аттарын унутуп калдык, замандар алмашты... Карга акени ошончо убакыт, замандан бери элдин унутпай келгени эле анын акелигинин далили. Акенин Даркан айылындагы урпактары, көл өрөөнүнүн эли үч кылымдан бери унутпай, нарктуу, даңктуу атын сактап, эмгегин эскерип, айтып келди. Жөн адам болсо аны эскерет беле?! Рас, үч кылымдан бери айрым адамдардын эсинен өчүп калган. Азыр да Карга акенин күмбөзү, өстөнү, улуу сөздөрү айтылып келет, алар бар. Даркан айылын да Карга аке түптөп кеткен... Романды жазуумда Дарканга, көлгө барып, акенин күмбөзүн, жашаган жерин, Жуукуну көрүп, өмүрүн иликтеп, тарых, санжыраны билген кишилерден угуп келдим. Азыр да эл азырга чейин “Карга аке” деп урматтап, сый менен айтышат. Ал ысым, түшүнүк элге терең сиңип калган. Аны элдин эсинде кайрадан жаңыртып, өмүрүн, эмгектерин салып гана койдум. Жазуучунун милдети ошол эмеспи...
- Өмүр баянын айтып берсеңиз... Эмне себептен ысымы Карга деп аталып калган?
- Карга акенин кайдан төрөрлгөнү тууралуу бир нече жер айтылат. Жазма документ ал кезде болгон эмес да. Биринчиси, “кыргыз Гысар, Көлөпкө кирип, калмак кайың сааган” калмактардын чапкыны кезде ата-энеси түштүк тарапка качып барып, Кетмен-Төбө тарапта төрөлгөн деп айтылат. Дагы бирлери Жууку капчыгайында эле жашырынып калып, ушул жакта көз жарган делет. Дагы бирлери кыргыздын Текес тарабындагы жеринде туулган деп айтылат. Мен Текес тарапта болуп, тоо арасындагы жерлерин, элин көрүп, ошол жакта туулса керек дегенге токтодум. Балалык кезинде да ошол тарап жөнүндө көп айтылат. Ал кезде Кулжа, Текес кыргыздын, арык-бугу элинин жерлери болгон... Ал эми атынын коюлушу китепте жазылган: Карга төрөлүп, ат коюлуп жаткан кезде боз үйдүн чамгарагына карга коно калган экен. Карга антип үйгө конбойт эмеспи. Ошондон улам ырымчыл атасы Мендегул “балам каргадай узак жашап, өмүрлүү болсун” деп, атын койгон делет. Андай ырым- боюнда бар энесинин жолунан жылан жолугуп, ал жая салган ак жоолугуна жылан терисин калтырып-түлөп, баланын жонунда жыландын изи калып... деген сыяктуу ырымдар көп болгон экен. Кыргыз эли жаратылышка жакын, баамчыл, эриш-аркак жашаган ырымчыл эл эмеспи...
- Карга акени “түшпөс бий” деп жүрүшөт. “Бий” деп кимдерди аташкан?
-Ооба. Антип аталышына 70-80 жылдай өз уруусунун бийи болуп, 110 жыл жашагандыгы себеп болгон. Бий – өз уруусун башкарган, кызыкчылыктарын көздөп, таламын талашкан бийлик башындагы адам. Байыркы замандардан бери кыргыздарды уруу бийлери башкарган. “Бийлик” сөзү да ошондон чыккан.
- Бир жагынан Кытай бийлиги, бир жагынан калмактар, бир тарабынан Кокон бийлиги кол салып, кыргыз элин жүдөттү...кыргыз жерин кантип сактап калабыз, падышалык Россиядан жардам суроо керекпи деп, 106 жашында таасири күчтүү бийлер менен кеңешип, жыйын курган деген сөз бар...
-Кытайдын кыйдылыгы, калмактардын капсалаңы, Кокондун кордугу, алтургай алыскы колониячыл Англиянын да Индия, Афганистан аркылуу тыңчыларын жиберип, көз артып турган учурунда аларга салыштырмалуу майда, бир мамлекетке бирикпеген уруучулдук деңгээлдеги калктын сырттан кубаттуу өнөктөш, коргоочу издээри мыйзам ченемдүү. Алтургай, коңшу казак эли да ар кандай себеп таап, улам кол салып, элин, малын чаап кетип турган. Алардан сырткары өз ара, ички уруучулдук кагылыштар да элди улам алсыратып турган кезде башка уруу башчыларындай эле Карга акени да алардан аман чыгуунун жолдорун издетип, убайымдуу ойлорго салган. Алгач, элдин биримдиги керек экендигин так билген. Мындай “капсалаң доордон” аман калууга себепкер болуп, куткаруучу күч кыргыздын өзүндө болбогон соң, сырттан колдоочу издөөгө түрткөн. Ал аракетти Карга аке көл өрөөнүндө алгач баштаган экен. Алгач, 1812-жылы өзү жашаган Жууку капчыгайында Боронбайды желдең уруусу кирген бугу уруусуна “чоң бий” шайлатып, Россияга алгачкы элдик элчилерди жиберип, ал эми 1824-жылы Жыргалаң дайрасынын жээгиндеги чоң жыйында жалпы көл өрөөнүнө кирген уруулардын, б.а. жалпы өрөөндүн “чоң бийи”, “чоң манабы” шайлоосунда жана Россияга кайталай элчи жиберүүдө “баш тоголотуп”, азыркыча айтканда башкы демилгечи болгон. “Жыргалаң жыйынына” Карга аке сиз айткандай 106га чыгып, карып калганына байланыштуу катыша алган эмес, өз баласы Жапалакты жиберип, сунушун айттырган. Ал, архивде сакталып калган жыйын документинде бар, мөөрү басылган. Россия менен кыргыз журту чектешпей, алыста болуусу тикелей кол салуу коркунучунун жоктугун ырастап, Россиянын Кытайга жолун гана ачып турат деп ойлошкон. Башында ошондой болуп, бара-бара басып алууга өтүп кетпедиби...
- Сиз жазган романда кайсыл тарыхый окуялар камтылган, кайсыл фактыларга кайрылдыңыз. Анткени, архивдик маалыматтар менен санжыралык маалыматтардын ортосундагы айырмачылыктар болуусу мүмкүн...
- Жакшы суроо бердиңиз: мен китепти жазууда акенин кимдигин таанытуу үчүн дал ушул жагдайга көңүл буруп, ал кандай доордо жашап, кыргыз эли кандай абалда болгондугуна саресеп жасап, “капсалаң доор” атадым. Ал китепте толук жазылган, кайталап олтуруунун кереги жок дейм. Жогоруда аталган орчундуу окуялардан сырткары кыскача айтсам: китепте Карга аке жиберген 1-элчилик учурундагы Россияда 1812-жылдагы француздар менен согушунан кийинки жана Англия, Кытай өңдүү кай бир мамлекеттердеги оор абал, ошол замандагы Абылайдын баскыны ж.б. менен кыргыз журтундагы оор ахыбал, орчундуу окуялар камтылган. Алар тарыхий булактарда, архивдерде бар.
- Карга аке акелердин улуусу болсо Кыдыр аке кичүүсү, аларды эмне, кандай себептер байланыштырып турат?
- Экөөнү тең эң башкысы биримдик, бакыбаттык, элдик түшүнүктөр, элдин тагдырына күйүнүү, оор кезден чыгуунун аракеттерин издеп, табууга окшогон бийик максаттар байланыштырып турат. Адамдык аруу касиеттерди, улуттук каада-салтты, элдик, адамдык наркты жогору, таза тутуу, эл-журттун тагдырына күйүнүп, кызмат өтөө бардык акелерге мүнөздүү. Ушул дөөлөттөр, түшүнүктөр менен элибиз нечен кылымдардан бери жашап келишкен. Азыр адамдардын баары саясатчы, “акылдуу” бирок, элдик наркы жок, акелери жок...
- “Кыдыр аке падышалык Россиянын адамы болгон”, “көтөрүлүшкө каршы болгон” деген да сөздөр айтылат. Алардын кандай чындыгы бар?
-Быйыл Байсары уулу Кыдыр акенин туулгандыгынын 180 жылдык мааракеси. Акенин өмүрүн, акыл-насааттарын элге жайылтуу керек эле... Мен быйылкы “Кызыр даарыган Кыдыр аке” романымды дал ошол мааракеге арнап жазгам.
Кыдыр аке Санкт-Петербургга чейин барып, Россиянын күч-кубатын көрүп келген. Ошону үчүн үркүндүн алдында “орустар аттын түгүндөй болсо, кыргыздар аттын кашкасындай аз элбиз, тил табышалы, элди кырып албайлы” деп, дипломатиялык жол менен оор трагедиядан элди арачалап калууну көздөп жатпайбы. Аны өз кезинде замандаштарынын көбү түшүнүшкөн эмес. Жыйынтыгы кандай болду, миңдеген адамдар замбиректин, пулемёттун огуна кетти, дайраларга агып, ашууларда тоңуп, ачарчылыктан, оорулардан кыйсыпыр түшүп, тентип, кырылып калды. Баарынан да карапайым элдин – согуштан алыс кары-картаңдардын, аял-балдардын набыт болушканы туура болдубу? 15-20 миңдей эркектердин орус-герман согушундагы тыл жумуштарына барышканы туура беле(алардын баары эле кырылып калмак эмес да), же ушинтип жалпы улуттук трагедияга кабылганы туура болдубу деген суроо азыр да талаштуу бойдон калууда. Рас, үркүндүн чыгып кетүүсүнүн дагы башка себептери да бар. Кыдыр аке ошол трагедиянын алдын алууну, элди сактап калууну көздөгөн. Анын эмнеси туура эмес, эмнеси жакпайт?..
- Акелер темасына кайрылуунун кыргыз элине кандай зарылчылыгы бар? Акелердин наркы, акыл-насааттары эмнеси менен барктуу?
-Коомчулук азыр элдик, мамлекеттик түшүнүктү калыптандыруунун жолдорун издеп, ага келүүнүн жолдорун табууну баштан кечирип жатат. Ансыз мамлекеттин өнүгүп-өсүүсү күмөн. Мында акелердин өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, айткан акыл-насааттары үлгү, сабак болорлук экени талашсыз. Аларды мектептерден тартып ЖОЖдордо окутуп, элге жайылтуу сөзсүз керек. Президенттин, Мамкатчынын бул багыттагы аракеттерин, анын жолун элдин биримдигинен, тынчтыгы менен руханий байгерчиликти арттыруудан көрүп жатканын жалпы эл колдоого алуусу гана керек. “Капсалаң доор” билинбегени менен азыр да кыргыз элинин башына түшүп турат. Аны дүйнөдөгү, өлкөнүн ичиндеги саясый, экономикалык, табигый ж.б. окуялардан тартып адамдардын аң-сезимине чейинки коогалуу абал күбөлөп турат.
- Сизге чоң ыраазычылык билдирем. Окурмандар күткөн кызыктуу маектердин бири болду го деген ойдомун.
Гүлмира Кулумбаева