Жаңылыктар
Президент спорт тармагындагы жетишкендиктер үчүн акчалай сыйлыктарды аныктоочу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду
Спорт
Президент спорт тармагындагы жетишкендиктер үчүн акчалай сыйлыктарды аныктоочу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду

Президент Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 1-мартында президенттин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле кыргыз элинин аброюн бекемдеген жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамда дене тарбия жана спорт тармагында жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиги үчүн бир жолку акчалай сыйлыктардын өлчөмүн жана мамлекеттик төлөмдөрдү Министрлер Кабинети аныктай турганы белгиленген.

Бир жолку акчалай сыйлыктарды төлөөнүн өлчөмү спортчулардын Олимпиада, Паралимпиада, Азия жана Азия паралимпиадалык оюндарына, дүйнө жана Азия чемпионаттарына катышуусу башталганга чейин бир жыл мурда аныкталат.

Ошол эле учурда чемпиондорго жана байге ээлерине сый акынын өлчөмдөрү, ошондой эле машыктыруучулар үчүн сый акынын өлчөмү жана бөлүштүрүү эмгек акылары (курама команданын башкы машыктыруучусу, курама команданын улук машыктыруучусу, жеке машыктыруучусу, биринчи машыктыруучусу) жана дарыгерлерге бир жолку акчалай сыйлыктар мурдагы төлөмдөн кем эмес белгиленет.