Жаңылыктар
Бишкектин 145 жылдыгына карата көчөт отургузулду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин 145 жылдыгына карата көчөт отургузулду

Дем алыш күндөрү калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун демилгеси менен борборубуздагы Лев Толстой жана Анарбек Бакаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ала-Арча суусунун жээгиндеги гүл бакчада 145 көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. 

Иш-чара Президент Садыр Жапаровдун "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында жана Бишкек шаарынын түзүлгөндүгүнүн 145 жылдыгына карата уюштурулуп, бул демилгени шаарыбыздын тургундары жана чет элде жашап жатышкан активист мекендештерибиз колдоого алышып, аталган аймактын жашыл, көрктүү болушу үчүн ар бири бирден көчөт отургузуп беришти. 

Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров шаардын 145 жылдык мааракесине карата мындай иштер дагы уланарын билдирип, жетекчилерди жана шаар тургундарын демилгелүү болууга чакырды. Көчөт отургузуу иштери менен кошо ишембилик өтүп таштандыларды “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын кызматкерлери тазалашты. 

Эскерте кетсек, Бакаев көчөсүнүн Ала-Арча суусунун жээги аллея болуп жасалып, таштаган төшөлүп жарыктандырылат.