Жаңылыктар
Кыргыз-кытай алакасы кеңейет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-кытай алакасы кеңейет

Кытай эл республикасынын мамлекеттик кеңешинин алдындагы өнүгүү маселелерин иликтөө борборунун өкүлү Лун Гоцян өз өлкөсүндөгү өнүгүү жолдору менен тааныштырды. Казы Дыйкамбаев атындагы дипломатиялык академияда атайын жыйын өтүп, ага эл өкүлдөрү, студенттер катышты.

 Кытайлык адис, экономикалык өнүгүү жолдорунун жана иштелип чыккан долбоорлордун үлгүлөрүн айтып берди. Кытайдагы жакырчылыктан чыгаруу программалары тууралуу дагы кеңири баяндама жасаган Лун Гоцян кыргыз-кытай алакасы мындан ары да кеңейээрин жана тажырыйба алмашуу зарылдыгын белгиледи.