Жаңылыктар
Улуттук банктын алтын корунун баасы кымбаттады
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банктын алтын корунун баасы кымбаттады

Улуттук банктын алтын корунун баасы март айында 3 миллиард 167,3 миллион сомго жогорулады. 

Маалыматта айтылгандай, марттын башында — 83 миллиард 783,1 миллион сом, апрелдин башында — 86 миллиард 950,4 миллион болду.

Сумма эмнеден улам жогорулаганы тууралуу айтылган эмес.

2021-жылдын май айында Улуттук банктын алтын кору рекорддук көрсөткүчкө жетип, 99 миллиард сомду түзгөн. Ал эми сентябрда 29 миллиард сомго чейин түшкөн. 

Кийинчерээк башкы банк 2021-жылдын башында 20 тоннага жакын алтын сатканын кабарлады. Андан соң көлөмү өйдө-ылдый болуп турду, бирок негизинен өсүү байкалды.