Жаңылыктар
"Мыкты дастанчы" сынагы жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
"Мыкты дастанчы" сынагы жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Мыкты дастанчы" сынагын жарыялайт.

Ведомстводон билдиришкендей, сынак дастанчылыкты аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу, улуу өнөрдү өнүктүрүү, мыктыларын кеңири коомчулукка таанытуу жана аларга чыгармачылык жактан дем берүү максатында Дүйнө элдеринин эпосторунун VII фестивалынын алкагында дастан айтуучулар арасында жарыяланат. Маданият министрлиги тарабынан атайын калыстар тобу түзүлүп, мелдештин шарттарына жана талаптарына таянуу менен жеңүүчүлөр аныкталат.

Сынакка 15 жаштан 35 жашка чейинки дастанчылар катыша алат. Катышуучулар “Билдирме-анкетасын” 29-апрелге чейин Бишкек шаарындагы министрликке тапшырышы зарыл. Мөөнөтүнөн кечиккен документтер кабыл алынбайт. Сынак 2023-жылдын 17-20-май күндөрү Ош шаарынын борбордук аянтында өтөт жана катышууга кеткен чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен каржыланат.

Сынак 3 айлампа менен өтөт. 1-айлампада өнөрпоздор көлөмдүү ашыктык арман ырларынан бирди аткаруусу шарт. 2-айлампада терме-санат, айтыштар,казалдардан бирди жана бир дастандан аткаруусу шарт. 3-айлампа 1-2-3-орун үчүн таймашта Бир дастандан аткаруусу шарт.

Талаш-тартыш жаралган учурда калыстар орун тактоо үчүн дагы бир айлампа өткөрүүгө укугу бар.