Жаңылыктар
Футбол: Кыргызстан курамасы Иран менен беттешет
Спорт
Футбол: Кыргызстан курамасы Иран менен беттешет

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы Иранды Бишкек шаарында кабыл алат.

Беттеш 16-июнга белгиленген жана Борбордук Азия футбол ассоциациясынын биринчи Улуттар Кубогунун алкагында өтөт.

Кыргызстан менен Иран курама командалары үч ирет беттешкен. Эки жолу Тегеранда жана бир жолу Дамаскта (Сирия). Үч оюн тең жалпы 16:1 эсебинде Иран курамасынын пайдасына аяктаган.

Ал эми Кыргызстандын курамынан жалгыз голду 1997-жылы Сергей Куцов киргизген.