Жаңылыктар
Инфантино Кыргызстанга келет
Спорт
Инфантино Кыргызстанга келет

ФИФА уюмунун президенти Джанни Инфантино 4-5-май күнү Кыргызстанга келет.

Эл аралык футбол федерациясынын башчысы Садыр Жапаров менен жолугат. Алар “FIFA Forward” долбооруна ылайык салынган Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсесин ачат.

Жапаров жана Инфантино Кыргыз футбол союзунун ФИФА тараптан колдоо маселелерин сүйлөшөт. Тагыраагы өлкөдөгү инфраструктура менен жергиликтүү футболду өнүктүрүү маселелери коюлат.