Жаңылыктар
ИДӨ: киши башына 2 миң долларга жетеби?
Кыргызстан жаңылыктары
ИДӨ: киши башына 2 миң долларга жетеби?

Ички дүң өндүрүмдүн киши башына көрсөткүчүн 2 миң долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Акыркы 2 жылда эле бул көрсөткүч 400 долларга көбөйүп, 1600 доллардан ашкан. "Мындай экономикалык өсүш - көп нерседен кабар берет", - дешет талдоочулар.