Жаңылыктар
Кочкорго чакан ГЭС курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкорго чакан ГЭС курулат

Кореялыктар менен Кочкорго чакан ГЭС куруу боюнча макулдашылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын Ганвон-до Инже округунун жана Экология министрлигинин, экокорпорациясынын кызматкерлеринен турган топ Нарын облусуна иш сапар менен келген. Алар Кочкор районунда да болуп, ГЭС курула турган аймактарды жана айыл чарба жерлерин көрүштү. 

"Иш сапардын алкагында Кочкор районуна чакан ГЭСтерди куруу жана айыл чарбасында тажрыйба алмашуу боюнча райондун акими менен эки тараптуу макулдашууга кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.