Жаңылыктар
Ош: мыйзамсыз курулуштардын суу жана жарыгы өчүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: мыйзамсыз курулуштардын суу жана жарыгы өчүрүлдү

Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштардын суу жана электр энергиясы өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев баштаган жумушчу топ «Керме-Тоо» жана «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышып чыгышкан.

Комиссиянын курамына Мамлекеттик курулуш комитетинин, архитектуранын, коммуналдык чарбанын жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү кирген. Рейддин жүрүшүндө курулуп жаткан 7 көп кабаттуу үйдө мыйзам бузуулар аныкталып, суу жана электр энергиясы өчүрүлдү. 

Курулуп жаткан объектилерде бардык мыйзам бузуулар жоюлуп, тиешелүү документтер даярдалгандан кийин алар аталган тармактарга кошулууга уруксат ала алышат.