Жаңылыктар
Көпчүлүк коалиция расмий тарады
Саясат
Көпчүлүк коалиция расмий тарады

 Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция тараганы расмий жарыяланды. Бул туралуу парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында коалиция лидери Канатбек Исаев билдирди. Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов фракция коалициядан чыкканын билдирген. Алар мунун себебин - фракция көпчүлүк коалициядагы акаевчи, бакиевчи делгендер жана мародерчулукка шектелгендер менен бир боло албай тургандыктары менен түшүндүргөн.