Жаңылыктар
Алматыда Акжол Махмудов менен Роман Власовдун кармашы болот
Спорт
Алматыда Акжол Махмудов менен Роман Власовдун кармашы болот

Бүгүн, 26-апрелде Алматыда Poddubny Wrestling League уюмунун кезектеги мелдеши өтөт.

Турнирдин алкагында 19 беттеш болот. Бишкектин убактысы боюнча 19:00дө башталат.

Турнирдин башкы кечесинде Акжол Махмудов менен орусиялык Роман Власов жолугат.

Ошондой эле, килем үстүнө Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Джузупбеков жана Тайырбек Жумашбек уулу чыгат.

Эркин күрөш

61 кг

Тайырбек Жумашбек уулу - Абасгаджи Магомедов (Россия)

Грек-рим күрөшү

60 кг

Динислам Бамматов (Россия) - Жоламан Шаршенбеков

97 кг

Артур Саргсян (Россия) - Үзүр Джузупбеков

Кеченин башкы беттеши

77 кг

Роман Власов (Россия) - Акжол Махмудов