Жаңылыктар
Баткенде килем сынагы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде килем сынагы өтөт

Баткенде республикалык килем сынагы өтөт. Иш-чара 27-28-февралында Баткен шаарында "Кыргыз ажары Баткен килеминде" деп аталат. 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, сынак кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, башка улуттун өкүлдөрү менен соода-сатык мамилелерин жандандыруу жана жаш чеберлерди улуттук кол өнөрчүлүккө кызыктыруу максатын көздөйт. 

"Түктүү килем", "Араб килем", "Таар килем" жана "Мурас килем" аталышындагы килемдерге түшүрүлгөн оюулар салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалганына карата сынакта бааланат", — деп айтылат маалыматта.

Калыстар курамында көркөм өнөр эксперттери, дизайнерлер, тарыхчылар, этнографтар, илим изилдөөчүлөр жана кол өнөрчүлөр болот.