Жаңылыктар
Нурланбек Шакиев Вячеслав Володин менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Нурланбек Шакиев Вячеслав Володин менен жолукту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Россияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. 

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды. 

Төрага Нурланбек Шакиев алгач расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володинге ыраазычылык билдирип, алакаларды арттырууда мындай жолугушуулардын мааниси чоң экенин белгиледи. 

“Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достукка жана өз ара ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк жылдан-жылга өнүгүп келет. Биз бардык тармактар боюнча калыптанган байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, – деген Нурланбек Шакиев Президент Садыр Жапаровдун май айынын башында Россияга пландалган расмий сапарына карата олуттуу даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады. 

Муну менен катар парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган Жогорку Кеңештин Төрагасы мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана биргелешкен комиссиялардын деңгээлинде да өнүктүрүү маселесин көтөрдү.