Жаңылыктар
Бокс: Кыргызстандын атынан кайсы спортчулар дүйнө чемпионатына барат?
Спорт
Бокс: Кыргызстандын атынан кайсы спортчулар дүйнө чемпионатына барат?

Өзбекстанда өтө турган дүйнө чемпионатына катыша турган Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын акыркы курамы белгилүү болду.

Турнир 30-апрелден 14-майга чейин Ташкентте (Өзбекстан) өтөт.

Кыргызстандык команданын курамында башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги астында 13 спортчу күч сынашат.

Кыргызстандын курама командасынын тизмеси

48 кг - Анвар Ходжиев

51 кг - Нуржигит Дүйшебаев

54 кг - Санжар Сейдакматов

57 кг - Мунарбек Сейитбек уулу

63,5 кг - Жантөрө Ташиев

67 кг - Жакшылык Таалайбеков

69 кг - Мирзахид Имамназаров

71 кг - Нурадин Рустамбек уулу

75 кг - Данияр Дамирдин уулу

80 кг - Өмүрбек Бекжигит уулу

86 кг - Эркин Адылбек уулу

92 кг - Бакыт Токтосун уулу

92 кг+ - Оомат Элчоро уулу

Башкы машыктыруучу - Данияр Төлөгөн уулу

Улук машыктыруучу - Акыйкат Абаев

Машыктыруучу - Улан Сагынбаев