Жаңылыктар
Түркиянын президенти кыргызстандык куткаруучуга мамлекеттик сыйлык тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Түркиянын президенти кыргызстандык куткаруучуга мамлекеттик сыйлык тапшырды

25-апрелде Анкарада куткаруу иштерине катышып, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөткөн чет элдик куткаруучуларга жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырылды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго «Элди куткаруудагы эрдиги жана берилгендиги үчүн» медалын жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Ардак грамота тапшырды. 

Салтанаттуу иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев жана министрдин орун басары Азамат Мамбетов катышты.

Эске салсак, Кыргызстандын куткаруучулары Кахраманмараш жана Хатай шаарларындагы куткаруу иштерине катышкан. Алар урандылардын астынан 8 адамды куткарып, 198 адамдын сөөгүн алып чыгышкан. 

Ошондой эле Кыргызстандын дарыгерлери жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн талаа госпиталын түзүп, Кахраманмарашта боз үй шаарчасын курушкан.