Жаңылыктар
Россия Федерациясынын Щадринск шаарында Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен жол кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Россия Федерациясынын Щадринск шаарында Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен жол кырсыгы катталды

2023-жылдын 25-апрелинде Екатеринбург-Шадринск-Курган унаа жолунда Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын жараны башкарып келе жаткан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган КР жараны Б.уулу. алган жараатынан ошол жерден каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу Н.Ч жана жүргүнчү 1999-жылы туулган М.кызы  ар кандай жаракаттар менен Щадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган. Жабыркагандардын абалы туруктуу экени айтылууда.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргыз Республикасына жүк-200 жөнөтүү маселеси чечилүүдө.