Жаңылыктар
Ошто жаштар форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто жаштар форуму өттү

Ош облусундагы жаштардын өтүнүчү менен Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Кыргыз наркындагы жаштардын орду" аттуу форумга катышты. Мамлекеттик катчы келечекти куруучулар менен үй-бүлөлүк тарбия, улуттук нарк-насил, сөздүн күчү, жаштардын коомдогу орду туурасында омоктуу ойлору менен бөлүштү.