Жаңылыктар
Курбан Шираев Эрназар Акматалиев менен беттешкиси келет
Спорт
Курбан Шираев Эрназар Акматалиев менен беттешкиси келет

26-апрелде Алматыда (Казакстан) Поддубныйдын күрөш лигасынын төртүнчү турнири өттү.

Эркин күрөш боюнча 70 килограммга чейинки салмакта россиялык Курбан Шираев ирандык Алиакбар Фазлихалили менен беттешип, 6:2 эсебинде жеңишке жетти.

Жеңиштен кийин 24 жаштагы орусиялык спортчу Эрназар Акматалиевге чакырык таштады.

«Кийинки беттешти Эрназар Акматалиев менен өткөргүм келет. Мен буга кызыкдармын», - дейт Курбан Шираев.

Ал учурда Эрназар көрүүчулөрдүн арасында болгон

«Поддубныйдын күрөш лигасынын бешинчи турниринде жолугабыз деп ойлойм», - деп жооп берди Эрназар Акматалиев.