Жаңылыктар
Кыргызстан - эпостордун өлкөсү
Маданият
Кыргызстан - эпостордун өлкөсү

Кыргыз журтчулугу  үчүн  сонун жаңылык! “Манасчылар”  аттуу энциклопедиялык  жыйнак  жарык көрдү. Анда XVIII –XX кылымдардагы  манасчылардын өмүр баяндары  камтылып, китеп кыргыз, орус жана  англис тилдеринде окурмандардын  кеңири  катмарына арналат. Сиз улуу  муундагы  манасчылар  Келдибек   Карбоз  уулу, Балык  Кумар  уулу, Тыныбек  Жапиев, Сагынбай  Орозбаков, Саякбай  Каралаев  өңдүү  классикалык  манасчылардан тартып   Шаабай  Азизов,  Сапарбек Касманбетов, Уркаш  Мамбеталиевге  чейинки  манасчылар  тууралуу  кеңири  маалымат  алсаңыз болот.Китеп  КРнын  УИАнын  Ч.Айтматов  атындагы  Тил  жана адабият  институту  тарабынан  даярдалган.

Журналист  Гүлмира  Кулумбаева   КРУИАнын  Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун  Манас, фольклор, акындар чыгармачылыгы бөлүмүнүн  башчысы  Көлбаева  Мээрим Курманбековна  менен  аңгеме  курду:

-  “Манасчылар”  аттуу энциклопедиялык  жыйнактан  тышкары   “Кыргыз элинин кенже  эпосторунун  энциклопедиялык  жыйнагынын” жарык көрүшү бизди эки эсе кубандырып турат. Аталган  томдуктар албетте  адабиятчылардын зор күчү  менен  даярдалды да ...

Кыргыз элинин кенже эпостору: энциклопедиялык жыйнагынын» томдуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан, академик А.Акматалиевдин демилгеси жана жалпы редакциясы менен даярдалган. Бул эмгек  - институттун буга чейинки «Сагымбай», «Саякбай», «Токтогул», «Осмонов», «Айтматов» 3-том энциклопедияларынын уландысы болуп саналат. Институттун жамааты 1996-2003-жылдары жарык көргөн «Эл адабияты» сериясынын 30 томдугунун (2015-20-жылдары  40 томдук болуп, толукталып жарыяланган) жарык көрүшүнөн кийин бардык материалдарды системалаштырып, тематикаларын тактап, эпосту айтуучуларды, жазып алуучуларды, аткаруучуларды, изилдөөчүлөрдү, эпоско кайрылышкан акын-жазуучуларды, маданият жана искусство ишмерлерин бир тартипке келтирип, энциклопедиялык жыйнак түзүү идеясы он жыл мурун жаралып, пландалып, быйыл иштелип жарыкка чыкты. Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери “Кыргызстан – эпостордун өлкөсү” деген ураандын алдында энциклопедиялык жыйнактарды окурмандарга сунуш этип жатат.

- Жакшы  иштер  болуп жаткан экен. Кыргыз элинин  фольклордук  адабияты өзүнчө эле толкуп жаткан кенч эмеспи...Томдуктардан  кайсы  кенже  эпосторду таап окусак  болот?   Эпостор тууралуу илимий изилдөөлөр, аларды изилдөөчүлөр тууралуу   кандай  маалыматтар бар?..

-1-томдо “Кожожаш”, “Эр Табылды ” кенже эпостору илимдин ар кайсы тармактарында активдүү изилдѳѳгѳ алынат. Бул энциклопедиялык жыйнак ошондой изилдѳѳлѳргѳ так жана далилдүү фактылык материалдарды комплекстүү түрдѳ бир жерге чогултуп берген илимий маалымат булагы болуп саналат.

Жыйнактын ички мазмуну тѳмѳндѳгүдѳй түзүлдү: эпостун кыскача сюжеттик ѳзѳк окуялары, эгерде  варианттары бар болсо ар бир варианттын сюжеттик ѳзѳгү, эпостун негизги каармандары кимдер жана алардын образдарына  кыскача  талдоо, эпизоддук кейипкерлер, эпостогу жер-суу аталыштары (топонимдер), тексттердеги айрым кѳѳнѳргѳн, башкача айтканда бүгүнкү күнү айрым жаштар үчүн түшүнүксүз болгон сѳздѳрдүн түшүндүрмѳлѳрү, эпоско байланыштуу изилдѳѳлѳр, библиографиялык кѳрсѳткүч берилди.

2-томго “Эр Төштүк”, “Жоодарбешим” эпостору кирген. Анда «Эр Төштүк» боюнча бөлүмүндө эпостун кыскача мазмунун «Манастагы» «Жети Кандын чатагы», «Чоӊ казат» ж.б. бөлүмдөрүндөгү Төштүктүн образынын чагылдырылышы, айтуучулардын варианттарынын негизинде салыштырма планда берилди. Желмогуз кемпир, Күлайым, Төрт Маамыт, Төштүк, Чалкуйрук ж.б. баш каармандардын жана башка каармандардын сүрөттөлүшү берилип, персонаждар талданат. Мындан сырткары эки эпосто теӊ чагылдырылган түштөрдүн мааниси жана көркөм иштелиши, чыгармадагы эпостогу тулпарлардын образдары тууралуу талдоолор камтылат. Ошондой эле эпос боюнча негизги изилдөөлөр берилип, эпостун орус, англис тилиндеги котормолорунан үзүндүлөр камтылат.

3-томго “Курманбек”,  “Сейитбек”, Шырдакбек” эпостору киргизилди. Жыйнактын мындай иреттелиши жөн жерден эмес экендиги окуган окурмандарга белгилүү болот. Себеби, Курманбектин баласы Сейитбек, Сейитбектин баласы Шырдакбек болуп, бул үчүнчү том -  үч муундан түзүлдү. Ушуну менен катар ар бир эпостун варианттары боюнча ар бир варианттын кыскача сюжети жана бириктирилген сюжети, башкы каармандар, сюжеттеги жалпы каармандар, тулпарлар, изилдөөлөр, персоналдар, жер-суу аталыштары, тулпарлар, түштөр, сюжеттен кыскача үзүндү, драма, пьесалар боюнча  жалпы маалыматтар  киргизилди.

 4-томдо  “Жаныш, Байыш”, “Эр  Солтоной” эпостору камтылат. Мында эпостордун кыскача мазмуну, башкы каармандар, түштөрдүн берилиши, тулпарлар, тексттерден үзүндүлөр, жер-суу аттары, түшүнүксүз сөздөр, эпос тууралуу изилдөөлөр, персоналийлер, библиография деген тематикалардагы энциклопедиялык макалалар орун алган.

...Эпос тууралуу С.Закиров, Ж.Суванбеков ж.б. окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн тексттери жана башка адабият, искусство ишмерлеринин портреттерине орун берилген.

 

5-том “Жаңыл Мырза”, “Кыз  Сайкал” жана “Мендирман” эпосторун камтыйт. Мында эпостордун кыскача мазмуну, башкы каармандары, түштөрдүн берилиши (болсо), тулпарлар, тексттерден үзүндүлөр, жер-суу аттары, түшүнүксүз сөздөр, эпос тууралуу изилдөөлөр... энциклопедиялык макалалар орун алган. Ар бир эпостун тематикалары өз-өзүнчө иштелген.

6-томго “Кедейкан”, “Саринжи, Бөкөй”,,“Олжобай  менен Кишимжан”  кирди. Жыйнактын биринчи бөлүмүндө “Кедейкан” эпосунун Калык Акиев жана А.Үсөнбаев айткан эки варианты берилди. Эпостун кыскача мазмуну иретинде О. Соороновдун жана М. Мукасовдун кара сөз түрүндөгү баяндоолору да кирген. Эпостун Кедейкан, Азимхан, Ак Эшен, Гүлайым баш болгон каармандарынын адабий образдарына талдоо жасалат. Кыргыз жана орус тилдериндеги эпостун үзүндүлөрү, эпостун аткарылышынын нотага түшүрүлгөн үлгүсү да орун алган. Эпос жөнүндөгү изилдөөлөр бөлүмүндө Асан Кайбылда уулунун, А. Обозкановдун, О. Соороновдун, Ш. Үмөталиевдин ж.б. изилдөөлөрүнө орун берилген. Персоналийлер бөлүмүндө Т. Сатылганов, К. Акиев баш болгон эпосту айтуучулар, изилдөөчүлөр ж.б. портреттери орун алган.

Жыйнактын экинчи бөлүмүндө “Саринжи, Бөкөй” поэмасы,

үчүнчү бөлүмү “Олжобай менен Кишимжан” поэмасына арналды. Кыскача мазмуну А. Үсөнбаевдин вариантынын негизинде түзүлдү. Эпостун башкы жана кийинки пландагы каармандары Олжобай, Кишимжан, Солтобай, Бегимжан, Солтобай, Кудаке,  ж.б. бейнелери жөнүндө кыскача маалымат берилди. Мурда аз белгилүү болгон Матраим Кабылов, памирлик Пазыл аттуу айтуучулардын варианттары жөнүндө маалыматтар бар.

Жетинчи томдо  эпосторго тиешелүү жалпы терминдердин түшүнүктөрү токтоштурулду.  Мен  кыскача  гана маалымат бердим.

-Энциклопедия  ар бириңиздердин китеп текчесиндеги баалуу руханий кенчке айланат деп ишенели.Кыргыз элинин  маданиятынын көөнөрбөс  казынасын  калпып алып, кызыктуу  жыйнактар топтомун түзгөн экенсиздер, кенен-кесири  маалымат бергениңизге  терең ыраазычылык!

Гүлмира   Кулумбаева