Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек алакасы бекемделип жатат
Маданият
Кыргыз-өзбек алакасы бекемделип жатат

 Ош жергесинде кыргыз-өзбек тараптарынын достук жолугушуусу башталды. Өзбекстандан келген делегацияны “Достук" чек ара өткөрүү бекетинен биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев баштаган кыргыз тарап тосуп алды. 

Ал эми достук сапарынын алкагында коңшу өлкөдөн, башында вице-премьер-министр Атхам Икрамов турган, президенттик апараттын, өкмөттүн, тышкы иштер министрлигинин, жогорку окуу жайлардын, илим-маданият, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана Андижан, Наманган, Фергана облустарынын башчылары болуп, жалпы 140 адам келди. 


Чек арадагы жолугушуудан соң саамалык Ош шаарынын борбордук аянтында, коноктор үчүн ачылган көргөзмөдө уланды. Андан кийин театрлаштырылган оюн-зоок программасы тартууланды. Анда эки элдин илгертен келе жаткан достук мамилеси даңазаланып, ыр-күүлөр аткарылды. Ар улуттун өкүлдөрүнөн чогулган өнөрпоздор "Маш ботой" күүсүн комузда аткарышты. Учурда жолугушуу ОшМУда уланууда. Андан соң Бабур театрында “Манастын уулу Семетей” спектакли көрсөтүлгөнү жатат.