Жаңылыктар
Акжол Махмудов орусиялык Роман Власов менен кайра беттешкиси келет
Спорт
Акжол Махмудов орусиялык Роман Власов менен кайра беттешкиси келет

Акжол Махмудов орусиялык Роман Власов менен болчу реванш тууралуу үн катты.

Спортчулардын грек-рим күрөшү боюнча беттеши 26-апрелде Алматыда өтүп, акыркы аракетинин аркасында кыргызстандык балбандын жеңиши менен аяктаган (1:1).

«Күйөрмандар күткөн беттешти көрсөтө албадык деп ойлойм. Ким жеңээрин аныктоо принципиалдуу маселе болчу. Экинчи беттеш укмуштуудай болот. Ал менин кандай деңгээлде каршылык көрсөтө аларымды түшүндү. Кийинки беттешке да жакшы формада келгенге аракет кылам. Биз бул турнирге Азия чемпионатынан кийин келдик. Мен эң жакшы формадамын деп айта албайм. Реванш тууралуу макулдашсак, ага жарым жыл же андан көбүрөөк даярданып, мыкты формада болууга аракет кылам», - дейт Акжол Махмудов.