Жаңылыктар
Роман Власов беттеш тууралуу өз пикирин билдирди
Спорт
Роман Власов беттеш тууралуу өз пикирин билдирди

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Поддубныйдын күрөш лигасынын беттешинде орусиялык Роман Власовду жеңип алды.

Беттеш 26-апрелде Алматы шаарында (Казакстан) өтүп, Акжолдун пайдасына жыйынтыкталды.

«Өзүмдү жемелей албайм. Анткени болгон аракетимди жасадым. Учурда агайым менен кайсы жерден ката кетиргенибизди изилдеп жатабыз. Партерде баары мен каалагандай болгон жок. Машыгууда мунун үстүнөн иштеп чыгабыз. Активдүүлүктү жакшы эле көрсөттүм. Эч кандай шылтоом жок. Реваншка даярбыз. Мындан да жакшы даярданам деп сөз берем. Бир жыл бою мелдешке катышкан жокмун», - дейт Роман Власов.