Жаңылыктар
ИИМ: 2023-жылдын 3 ай аралыгында 1 тонна 653 кг баңгизаттар аныкталып алынган
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: 2023-жылдын 3 ай аралыгында 1 тонна 653 кг баңгизаттар аныкталып алынган

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында кеңешме болуп өттү.

ИИМдин БМЖККК тарабынан баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү уюштуруу боюнча бардык чараларды көрүүдө, ошондой эле баңги заттарды колдонуунун алдын алуу жаатында иштер жүргүзүлүүдө.
Үч айдын ичинде баңгиликти алдын алуу чөйрөсүндө 89 ашык иш-чаралар жүргүзүлүп, 50 миңге жакын адамды камтыган.

Кеңешменин жүрүшүндө БМЖКККнын жетекчилиги тарабынан афган тектүү баңгизаттардын контрабандасын, жапайы өскөн кара куурайды токтотуу, ошондой эле баңги каражаттарын даярдоо үчүн компоненттерди түзгөн баңги лабораторияларды аныктоо жана жоюу иштерин күчөтүү боюнча бир катар милдеттер коюлду.

Ички иштер министрлиги тарабынан 1 чейректе 365 баңгизаттарга байланышкан кылмыш катталып, 3 нарколаборатория аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 653 кг 412 гр баңгизат алынган.
Анын ичинде баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду,:

героин – 14 кг 404 гр., гашиш – 36 кг 074 гр., марихуана-41 кг 863 гр., кара куурай өсүмдүгү - 12 кг 692 гр., саман куурай - 13 кг. 008 гр., прекурсорлор - 1 т 494 кг 536 гр., психотроптук заттар - 39 кг 979 гр., дары препараттары-226 гр., башка дарылар-630 гр.(Кара куурай экстракты жана майы).