Жаңылыктар
Ошто таштанды полигонун куруу долбоорунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча коомдук жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто таштанды полигонун куруу долбоорунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча коомдук жыйын өттү

Ошто таштанды полигонун куруу долбоорунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча коомдук жыйын өттү

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов, Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын адистери, эл аралык жана коомдук уюмдардын, бирикмелердин өкүлдөрү, Ош шаарынын тургундары катышышты.

Коомдук талкууда күнүмдүк тиричилик калдыктарды, таштандыларды көмүүчү жайдын курулушу боюнча маалымат берилип, ишке ашырылып жаткан жумуштар тууралуу айтылды.

Атап айтканда:

- Техникалык эмес мүнөздөгү кыскача маалымат;

- Кызыкдар тараптар менен кызматташуу боюнча иш планы;

- Экономикалык түзүлүшүн калыбына келтирүүнүн алкактык түзүмү.

Мындан тышкары, булганган айлана-чөйрөнүн абалынын жакшыртуу, коргоо боюнча талкуу жүрүп, жарандар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча бардык суроолоруна толук жооп алышты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы таштанды таштоочу жайда калдыктар көбөйүп жаткандыктан, аларды кайра иштеп чыгуучу жаңы заманбап жайларды куруу зарылчылыгы келип чыгууда. Курулуш үчүн азыркы полигондун түштүк жагында жер тандалып алынган. Анын курулуш иштери 2024-жылы башталып, 2044-жылга чейин уланат.

Долбоор күнүмдүк тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жогорулатууга жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Европа инвестициялык банкы (ЕИБ) жана ЕСтин Борбордук Азия үчүн инвестициялык программасы (IFCA) тарабынан каржыланат.