Жаңылыктар
Сот "Азаттыкты" жабуу чечимин чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Сот "Азаттыкты" жабуу чечимин чыгарды

Бишкектин Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык медиасынын" ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызын канааттандырды. 

Былтыр 26-октябрда аталган министрлик "Азаттык медиа" сайтын эки айга чектеген. Буга кыргыз-тажик чек арасындагы сентябрдагы окуялар боюнча --Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген материал жарыялаганы себеп болгондугу айтылган. Сайтка бөгөт коердун алдында аталган мекеме Азаттык медиага расмий кайрылуу жөнөтүп, кастыкты козутушу мүмкүн делген видеону өчүрүүнү өтүнгөнүн билдирген. 

Бирок "Азаттык Медиа" бул талапты аткаруудан баш тарткандыктан, министрлик сайтын эки айга токтотуу чечимин кабыл алган. Чуу жараткан материал интернеттен алынбагандыктан, быйыл 23-январда маданият министрлиги Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылып, Азаттык медианын ишмердүүлүгүн токтотуу өтүнүчүн келтирген. Аталган жалпыга маалымдоо каражаты соттун бүгүнкү чечимине каршы кийинки инстанцияга кайрыларын маалымдады.