Жаңылыктар
Дүйнөлүк балет өнөрүнүн жылдыздары
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөлүк балет өнөрүнүн жылдыздары

"Дүйнөлүк балет өнөрүнүн жылдыздары" катышкан чоң концертке даярдыктар кызуу жүрүүдө. Концерт 5-майда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Анда бий өнөрүнүн азыркы таланттары бир сахнада биригип, чыгармачылык кече тартуулашат. Ага Кыргызстандан тышкары Казакстандан, Япониядан жана Россиядан келген балеттин мыктылары катышат.