Жаңылыктар
Таласта туризм өнүкпөй жатат
Туризм
Таласта туризм өнүкпөй жатат

Таласта туризм тармагын өнүктүрүү демилгеси колго алынууда. Тарыхый жайларга бай бул аймакта чет элдик саякатчыларды кызыктыра турган жерлер көп. Бирок жетишерлик көңүл бурулбагандыктан тейлөө тармагы өнүкпөй, инфраструктура эскирип, туризм башка дубандарга салыштырмалуу артта калып жатканын семинардын катышуучулары билдирди. Андыктан бул багытта алгылыктуу иштерди аткарып жүргөн ишкерлер, таластыктарга тажрыйбасынан бөлүшүп, туризм тармагына инвестиция тартуунун жолдорун үйрөтүштү.

"Туризм багытын онуктуробуз, бул багыт патенциалдуу деп айтылганы менен ошого жараша инвестициялык чакан проекттерди, мисалы ошол эле мамлекеттик коруктарды жерлерди ишкерлерге инвестициялык бир долбоордун алдында берсе. Калганын ишкерлер оздору алып кетмек. Ал эми ишкерлердин колунан келбеген инфраструктураны электр линияларын, жол маселесин мамлекет карап берсе эле болду, иш ордунан жылмак" - дейт Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Бектурсун Такелеев.