Жаңылыктар
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы үч күнгө жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы үч күнгө жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 29-апрелден 1-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, чек ара Кытайда Эмгек күнүн белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

“Торугарт" жана "Эркечтам" бекеттеринен унаалар жана жарандар 2-майдан тарта өтө баштайт.