Жаңылыктар
"Мадыген" геопаркына туристтерге саякат уюштурулду
Кыргызстан жаңылыктары
"Мадыген" геопаркына туристтерге саякат уюштурулду

Баткендин "Мадыген" геопаркынын аймагына дүйнөнүн жана Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 100гө жакын туристке саякат уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, алар Сары-Тоо капчыгайына, Сфинкс, Моллюскалар жана динозавр өрөөнүнө, IX-X кылымга таандык байыркы эритүүчү мештерге, түркүн түстүү айыл - Мадыген оазисине, каньондорго саякатташты. 

Белгилей кетсек, 27-28-апрелде Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында туристтик “ITBE” көргөзмөсү, “Айгүл-Тоо”, “Баткен күрүчү”, “Көчмөндөрдүн тамак ашы” аттуу фестивалдар, кол өнөрчүлөрдүн “Кыргыз килеми” эл аралык жарманкеси жана “Мадыген” геопаркынын өнүгүшүн илгерилетип, ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына кошуу боюнча биргелешкен аракеттер” аттуу эл аралык туристтик форум өтүүдө. 

Маданий иш-чара Туризм департаменти президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты менен биргеликте уюштурулуп, эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосунда өтүүдө. 

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин чечими менен уникалдуу, эталондук жаратылыш мурастары бар аймактарды сактоо максатында жалпы аянты 8 160 гектардан турган “Мадыген” жаратылыш эстелиги түзүлдү.