Жаңылыктар
Азат Эркимбаев: Жоламан 19 жашында алгачкы дүйнө чемионатынын финалына чыккан
Спорт
Азат Эркимбаев: Жоламан 19 жашында алгачкы дүйнө чемионатынын финалына чыккан

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев Жоламан Шаршенбековдун дүйнө чемпионатында жеңишке жеткен жолу тууралуу айтып берди.

Кыргызстандык спортчу дүйнө чемпионатында эки финалда утулуп, үчүнчү аракетинде гана алтын медаль тагынды.

«2018-жылы өткөн дүйнө мелдешинде тажрыйба жетишсиз болгон. Ал болгону 19 жашта болчу. Анын атаандаштарында азербайжандык тажрыйбалуу балбан эле. Жоламан финалга эң сонун жеткен, бирок чечүүчү беттеште жеңилип калган.

Андан кийин пандемиянын айынан Олимпиада оюндары башка убакытка жылды. Ал турнирде медаль утканга мүмкүн болгон жок. 2021-жылы кайра аны дүйнө чемпионатына алып барууну туура көрдүк. Алтын медаль жеңет деп ишенгенбиз. Бирок каталардан улам уттуруп жибердик.

2022-жылы Белградда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка чейин Жоламан тажрыйба топтоп, мыкты физикалык формада болгон. Бул ага дүйнө чемпиондугун жеңүүгө жардам берди», - деп айтып берди Азат Эркимбаев.