Жаңылыктар
Президент Атамбаев өкмөттү отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койду
Саясат
Президент Атамбаев өкмөттү отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койду

 Көпчүлүк коалициянын тараганына байланыштуу президент өкмөттү отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен» депутаттык фракцияларынын ортосундагы, 2015-жылдын 2-ноябрында макулдашуунун негизинде түзүлгөн фракциялардын коалициясы Жогорку Кеңештеги парламенттик көпчүлүк деген статусун жоготту.

 

Ошентип көпчүлүк коалициядагы төрт партиянын макулдашуусу менен түзүлгөн Өкмөт дагы отставкага кетти. Эми премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана Өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле административдик ведомстволордун жетекчилери - өкмөттүн жаңы курамы дайындалып бекигенче, мурда ээлеп турган кызматынын милдетин аткаруучу статусунда болот. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.