Жаңылыктар
200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңы сериясы чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңы сериясы чыгат

2023-жылдын 10-майынан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы жаңы бешинчи сериядагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылат. 

Ал “Улуттук банк жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык, ошондой эле эскирген банкноттордун наркынын төмөндөшүнө байланыштуу жасалууда. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков маалымат жыйынында билдирди. 

Маалымтатар боюнча, аны, франциялык жана америка-шведдик компания чыгарат. Жаңы серия улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган жана анын 1993-жылдан азыркы учурга чейинки эволюциясын чагылдырат. Сюжеттик линиясы өзгөрүүсүз калган - искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери жана республиканын кооз жерлери сакталган. 

Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөртүлгөн эмес. Коргоо даражасы күчөтүлдү - жаңы банкноттор заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлдүү комплексине ээ. Мындан тышкары, аларда көрүүсү начар жарандар үчүн атайын белгилер бар.